Кыргызстан JICA менен транспорт тармагындагы кызматташтыкты бекемдейт

Коом 9 сентябрь 2026 11:00
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Кубанычбек Турганбаев Кыргызстандагы Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Коно Коничи баштаган делегация менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда министрлик менен JICA өкүлчүлүгүнүн ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар JICA`нын колдоосу менен транспорт жана жол тармагында ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жүрүшүн карап, аларды мындан ары натыйжалуу ишке ашыруу жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө даяр экенин билдиришти.