Курулуш тармагын башкарган агенттиктин макамын эбак эле өзгөртүш керек болчу – Бейсен Кариев

Коом Загрузка... 11 Февраль 2025 16:16
Бейсен Кариев.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Курулуш тармагын башкарган агенттиктин макамын эбак эле өзгөртүш керек болчу. Анткени бул учурдун талабы. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Архитекторлор союзунун төрагасынын орун басары Бейсен Кариев билдирди.

Анын айтымында, курулуш тармагындагы иштерди координациялоону күчөтүү үчүн эбак эле агенттикти министрлик кылыш керек болчу. Мамкурулуштун максаты архитектуралык жана шаар куруу ишмердүүлүгүн, турак жай-коммуналдык чарбаны, ичүүчү суу менен камсыздоону жана канализацияны өнүктүрүү аркылуу жарандар үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. Буга чейин өлкөнүн курулуш тармагын мамлекеттик агенттик жөнгө салып келди. Эми бул тармакты башкарган агенттиктин макамы өзгөрүп, министрлик болушу иштерди дагы да алдыга жылдырууга, координациялоого көмөк берет.

“Советтер Союзунун маалында курулуш тармагын Курулуш жана инвестиция боюнча мамлекеттик комитет жетектеген. Ага бардык республикалардын курулуш иштери боюнча органдары баш ийчү. Азыр биздин өлкөдө курулуш тармагына Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жооптуу. Агенттиктин башка ведомстволорго, мисалы министрликтерге караганда макамы төмөнүрөөк. Биз буга чейин агенттиктин деңгээлин көтөрүү керектигин айтып, бир канча ирет сунуштарыбызды бергенбиз. Эми мамлекеттик агенттиктин макамы министрлик болуп өзгөртүлгөнү абдан туура болду. Анткени аймактарда Мамкурулуштун структуралары бар. Курулуш тармагындагы иштерди координациялоону күчөтүү үчүн эбак эле министрлик кылыш керек болчу”, - деди ал.

Ошондой эле Бейсен Кариев акыркы жылдары республика боюнча социалдык объекттерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп, курулуш иштери күч алып жатканын айтат. Буга байланыштуу агенттиктин иштеринин көбөйгөндүгүнө жараша, ошончолук деңгээлде жоопкерчилиги да артууда деп эсептейт архитектор.

“Курулуш экономиканын локомотиви болуп саналат. Канчалык көп курулуш объектери курулуп ишке берилсе, экономика ошончолук деңгээлге жогорулайт. Ал эми ошол курулуш иштерин жүргүзүүгө чейин артында көп жоопкерчиликти камтыган көп багыттар бар. Мисал, Мамкурулуш мамлекеттик техникалык регламенттерди, стандарттарды иштеп чыгат, курулуштун бардык түрлөрү үчүн жер участокторун тандап берет, долбоорлорду түзөт, курулуш материалдары, буюмдар жана конструкциялар, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча курулуш эрежелерин иштеп чыгып, бекитет. Ушул функцияларды бардыгын ушул мекеме аткарат. Ошондуктан агенттиктин макамынын министрлик болушу курулуш иштерине оң натыйжасын берет, анткени курулуш бир мүнөт да токтобой тез жүрүшү зарыл”, - деп белгиледи Бейсен Кариев.

Мындан тышкары, архитектура тармагы боюнча адис Кыргызстанда ишке ашырылууга даярдалып жаткан ири долбоорлор дал ушул мекеме тарабынан долбоорлонуп жаткандыгын айтып өттү.

“Азыр бизге маалым болгондой, туризмди өнүктүрүү жаатында тоо-лыжа базаларын куруу максатында Ысык-Көл облусунда Жыргалаңда “Үч чоку” долбоору ишке ашканы турат. Ошол иштерди алып барууга абдан чоң күч-аракет жумшалат. Эми министрликтин башка мамлекеттердегидей ушундай долбоорлорду жүзө ашыруусуна ийгиликтерди гана каалашыбыз керек”, - деген пикирин билдирди Бейсен Кариев.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, министрлер кабинетинин түзүмүнө айрым өзгөртүүлөр киргизилди. Атап айтсак, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин базасында Курулуш, архитектура, жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги түзүлдү.

Бир катар мамлекеттерде да бул мекеме министрлик макамын алып жүрөт. Мисалы, Өзбекстанда Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги, Казакстанда Курулуш жана өнөр жай министрлиги, Кытай - Турак жай курулушу, шаардык жана айылдык курулуш министрлиги, Россия – Курулуш министрлиги, Монголия – Курулуш министрлиги, Беларусь - Архитектура жана курулуш министрлиги, Түркмөнстан – Курулуш жана архитектура министрлиги, Тажикстан – Курулуш жана архитектура комитети, Афганистан – Курулуш министрлиги, Армения – Шаар куруу министрлиги, Грузия – Курулуш министрлиги, Түркия - Айлана-чөйрөнү коргоо, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министрлиги, Азербайжанда Шаар куруу жана архитектура комитети иштейт.