Курулуш министрлигине караштуу төрт департаменттин жетекчилери алмашты

Кадрлар жана дайындоолор 03 Март 2026 15:35
645844643_1428.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
646013605_1428.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
645882746_1428.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
645905771_1428435475422164_2129013504303698167_n.jpg
Алдыга
Артка
645844643_1428.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
646013605_1428.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
645882746_1428.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
645905771_1428435475422164_2129013504303698167_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу төрт департаменттин директорлоруна карата ички ротация жүргүзүлдү.

Ведомстводон билдиришкендей, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Иш-чара курулуш министри Нурдан Орунтаевдин жетекчилиги алдында өтүп, министрдин орун басарлары жана кызматкерлер катышты.

Чечимге ылайык:

  • Эрназарбек Сүйөркулов - Мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо департаментинин директору кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору болуп дайындалды.
  • Маратбек Акназаров - Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик архитектура курулуш контролдоо департаментинин директору болуп дайындалды.
  • Ислан Момоконов - Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору кызматынан бошотулуп, Инженердик-изилдөө департаментинин директору болуп дайындалды.
  • Болот Чолпонбаев - Инженердик-изилдөө департаментинин директору кызматынан бошотулуп, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору болуп дайындалды.