Курулуш министрлигинде бюрократия жана коррупцияны жоюуга багытталган реформалар жүрдү

Коом Загрузка... 24 Июнь 2025 11:35
f501aaf5fc6fd3bb7c0.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.06.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин 100 күндүгүнүн алкагында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде бир топ реформалар жүргүзүлдү. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, реформалар негизинен тармактагы бюрократиялык көрүнүштөрдү жана коррупцияны жоюуга багытталган.

“Курулушта экспертизанын корутундусун алуу үчүн кеминде 3 айдан 6 айга чейин убакыт кетчү. Учурда мындай көрүнүш жок, толугу менен реформалап чыктык. Ошого жараша экспертизаны 15 күндөн 1 айга чейинки убакытта алса болот. Андан тышкары, классификациялар киргизилип, ага ылайык үчкө бөлдүк. Бул жеңил объектилер – жөнөкөй, 1000 чарчы метр жана 3 кабатка чейинки объектилерди экспертизасы жок корутундуларды беребиз. Миң чарчы метрден өйдө 9 кабатка чейинки объектилерге экспертиза жеңилдетилген учур менен берилет. Ал эми 9 кабаттан өйдө белгиленген тартипте, мөөнөтү кыскартылган убакытта берилет”,- деди министр.

Ошондой эле экологиялык экспертизанын мөөнөтү мурда 90 күн болсо, учурда 1 айга чейин кыскартылганын Нурдан Орунтаев кошумчалады.

“Архитектура органдарындагы реформаларга ылайык, документтерди берүү боюнча мурда татаалдаштырылган документтерди алып келүү керек болсо, азыр бир топ кыскартуулар жүрүүдө. Лицензия жаатында да реформаларды толук жүргүзүп бүттүк. Бул мурда коррупциялык элементтер менен сатылып жаткан лицензиялар болсо, алардын бардыгы токтотулду”,- деди ал.

Маалымдалгандай, 2023-жылдын жыйынтыгы менен 455 миң сом мамлекеттик төлөмдөр түшкөн болсо, 2024-жылдын август айынын декабрь айына чейин 80 млн сом, ал эми январь айынан бүгүнкү күнгө чейин 110 млн сом көлөмүндө мамлекеттик төлөмдөр келип түшкөн.