Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Өмүрбеков Курсантбек Анарбекович энергетика министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Өмүрбеков Курсантбек Анарбекович эки жогорку билимге ээ:
- 2003-2008-жылдары — И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин аяктаган, адистиги — "Инженер-энергетик";
- 2022-2024-жылдары — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин "Менеджмент" багыты боюнча магистратурасын аяктаган.
Курсантбек Өмүрбеков энергетика тармагында 20 жылга жакын эмгектенип келет. Бул мезгил аралыгында мамлекеттик башкаруу системасында жана энергетика тармагынын өндүрүштүк багытында бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган.
2022-жылы Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл кызматынын жетекчиси болуп иштеген. 2024-2025 жылдары энергетика министринин орун басары кызматын аркалап, кийинчерээк министрдин биринчи орун басары болуп дайындалган. 2025-жылы "Электр станциялары" ААКтын башкы директору кызматын аркалаган.