Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКтын 100 пайыз акциясы "Кумтөр Голд Компани" ЖАКка өткөрүлдү.
Ишканадан билдиришкендей, тийиштүү чечим учурда Тоголок алтын кенин өздөштүрүү жана Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан "Кумтөр Оперейтинг Компанинин" маселелери боюнча "Кумтөр Голд Компаниге" ыкчам чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында кабыл алынды.
Белгилей кетсек, буга чейин "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКтын жалгыз акционери «Кыргызалтын" ААК болгон.
Маалымат үчүн: Тоголок алтын кени 1978-жылы ачылып, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жолу катаал бийик тоолуу аймагында жайгашкан.
Тоголок кенине эң жакын калктуу конуштар – Ак-Шыйрак жана Үч-Кошкон кыштактары. Бишкек шаарынан Тоголок кенине чейинки аралык 560 чакырымды түзөт.
Учурда Тоголок кенинде толук кандуу тоо-кен иштери башталып, биринчи рудалар 2026-жылы казылып алынат. Муну менен катар, "Кумтөр Оперейтинг Компани" келечектүү Жангарт аянтында да геологиялык чалгындоо жана бургулоо иштерин жүргүзүүдө.
Тоголок кенин өздөштүрүү 10-15 жылга эсептелген жана ал эки этап менен ишке ашырылат. Кыргызстандын Пайдалуу кендеринин мамлекеттик запасы боюнча комиссиясында 19 928,5 кг алтындын запасы бекитилген.