Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Кулубаев Нью-Йорк шаарында БУУнун Коопсуздук кеңешине жаңы шайланган туруктуу эмес мүчөлөр — Австрия, Кыргызстан, Португалия, Тринидад жана Тобаго жана Зимбабвенин тышкы иштер министрлеринин жумушчу түшкү тамагына ("I5" форматы) катышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, кыргыз дипломатиясынын башчысы өнөктөштөрүн шайланышы менен куттуктап, Кыргызстан үчүн Коопсуздук кеңешиндеги алдыдагы мүчөлүк өлкөнүн тарыхында биринчи жолу боло турганын жана бул тарыхый жетишкендик гана эмес, БУУга мүчө мамлекеттердин алдында чоң жоопкерчилик экенин белгиледи.
Кулубаев I5 өлкөлөрүнүн БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги мүчөлүгү эл аралык саясаттагы татаал мезгилге туш келип жатканын баса белгилеп, диалог үчүн мейкиндикти сактоодо шайланган мүчөлөргө өзгөчө жоопкерчилик жүктөлөрүн белгиледи.
Министр превентивдүү дипломатияны Кыргызстандын Коопсуздук кеңешиндеги негизги артыкчылыктарынын бири катары белгилеп, Борбор Азиядагы чек ара маселелерин тынчтык жолу менен жөнгө салуу тажрыйбасына жана Кыргызстандын демилгеси менен кабыл алынган БУУнун Башкы ассамблеясынын "Чек ара талаштарын тынчтык жолу менен жөнгө салуу" резолюциясына токтолду.
Ошондой эле Афганистандагы кырдаал, БУУнун Борбор Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча Регионалдык борборунун ролу жана коопсуздук менен өнүгүүнүн өз ара байланышы, анын ичинде климаттык, суу жана азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан тобокелдиктер тууралуу сөз болду. Бул контекстте министр 2027-жылы Бишкек шаарында өтө турган экинчи Глобалдык тоо саммитин эске салды.
Коопсуздук кеңешинин кыйла өкүлчүлүктүү жана натыйжалуу болушун жактап, министр I5 алкагында кызматташуунун бир катар практикалык багыттарын сунуштады. Алардын катарында дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн регулярдуу консультацияларын өткөрүү, ар бир өлкөнүн регионалдык тажрыйбасын пайдалануу, эрте эскертүү механизмдерин колдоо жана Тынчтыкты куруу боюнча комиссия менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү белгиленди.
Жыйынтыгында Кулубаев Кыргызстандын 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинде ачык жана жоопкерчиликтүү өнөктөш болууга даярдыгын ырастады.