"Кудайберген" базарындагы текшерүү: Акимге сөгүш берилди

Коом 03 Апрель 2026 09:55
WhatsApp Image 2026-04-02 at 15.48.05.jpeg
2367441.83bd49c7f085fa569f458084adf450cc.jpg
WhatsApp Image 2026-04-02 at 15.48.07.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-02 at 15.48.06 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-02 at 15.48.06.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-04-02 at 15.48.05.jpeg
2367441.83bd49c7f085fa569f458084adf450cc.jpg
WhatsApp Image 2026-04-02 at 15.48.07.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-02 at 15.48.06 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-02 at 15.48.06.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Кудайберген" базарына чектеш, учурда иретке келтирүү жана мыйзамсыз объекттерди демонтаждоо иштери жүрүп жаткан аймакты кыдырды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Патрис Лумумба көчөсүндөгү айрым жер тилкелери көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн берилгенине карабастан, ал жерлерге тосмолор орнотулуп, автотетиктер, дөңгөлөктөр жана башка буюмдар жайгаштырылган. Шаар башчысы чарба жүргүзүүчү субъектке айып пул салууну, ошондой эле мыйзамсыз ээлеп алынган жерлерди бошотуу боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, мэр орнотулган күркөлөрдү демонтаждоо жана турак жайлардын жанындагы жашыл аймакты калыбына келтирүүнү милдеттендирди. Ошондой эле короодогу жер тилкелеринин пайдаланылышынын мыйзамдуулугун текшерип, материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү тапшырмасы берилди. Аймакта санитардык нормаларды жана эрежелерди бузган объекттер бар экени да белгиленди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында, мэр Биринчи май районунун акими Улан Сарылбек уулуна сөгүш жарыялап, муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысын кызматтан бошотууну тапшырды.