Бишкек, 07.08.26 /Кабар/. Кош бойлуулукту пландоо алдында аялдарга гинеколог, маммолог жана эндокринологдун текшерүүсүнөн өтүү сунушталат. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, профессор, жогорку категориядагы онколог-маммолог жана ультра үндүк диагностика боюнча адис Кыял Макиева айтып берди.

Адистин айтымында, ал бейтаптарына ден соолугун алдын ала текшертип, эгер сүт бездеринде кандайдыр бир оору же өзгөрүү аныкталса, алгач тийиштүү дарылоодон өтүүнү сунуштайт.
“Эгерде сүт безинде кандайдыр бир түзүлүштөр болсо, аларды адегенде операция же дары-дармек аркылуу дарылоо зарыл. Ошондон кийин гана кош бойлуулукту пландаштырууга болот”, — деди дарыгер.
Анын айтымында, экстракорпоралдык уруктандыруу (ЭКО) процедурасынын алдында аял сөзсүз маммологдун корутундусун алышы керек. Себеби бул процедура учурунда гормоналдык стимуляция жүргүзүлөт жана ал айрым учурларда сүт бездериндеги түзүлүштөргө таасир этиши мүмкүн.
“Шишик залалсыз болгон күндөн дагы, анын онкологиялык ооруга айланып кетүү коркунучу бар. Ошондуктан адистер аял маммологдон маалымкат алмайынча бул процедураны баштабайт”, — деп түшүндүрдү Кыял Макиева.
Ал ошондой эле аялдар арасында кеңири тараган, сүт бездериндеги кичинекей түзүлүш кош бойлуулуктан же эмчек эмизгенден кийин өзүнөн-өзү жоголуп кетет деген жаңылыш түшүнүккө токтолду.

“Көптөгөн бейтаптар көкүрөгүндө кичинекей катуулануу пайда болгондо, айланасындагылар “кош бойлуу болуп, төрөп, эмизсең баары өтүп кетет” деп кеңеш бергенин айтышат. Бул туура эмес маалымат”, — деди адис.
Адистин айтымында, сүт безинде алгачкы өзгөрүүлөр бар учурда кош бойлуулук оорунун күчөшүнө алып келиши мүмкүн.
“Эгер кош бойлуулук башталган кезде оору биринчи стадияда болсо, төрөгөнгө чейинки тогуз айдын ичинде төртүнчү стадияга чейин өтүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан алдын ала профилактикалык текшерүүдөн өтүп, организмди даярдап, андан кийин гана кош бойлуулукту пландаштыруу керек”, — деп жыйынтыктады Макиева.