Кореялык компания Кыргызстанда фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшөт

Экономика 1071 20 Февраль 2025 14:00
WhatsApp Image 2025-02-19 at 08.41.06.jpeg
173996663967b5c8af360c3.original.png
173996663767b5c8ad8e170.original.png
173996664067b5c8b05b787.original.png
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-02-19 at 08.41.06.jpeg
173996663967b5c8af360c3.original.png
173996663767b5c8ad8e170.original.png
173996664067b5c8b05b787.original.png
Алдыга
Артка
copyright icon Жээнбек Сагыналиев, жана соода министрлиги

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков Кореялык “DK Consultants Co. Ltd.» компаниясы менен меморандумга кол койду.

Ведомстводон билдиришкендей, меморандум эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган жана төмөнкүл багыттарды камтыйт:

- Өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу жана жалпы кызыкчылыктарга жетишүү үчүн биргелешкен өз ара аракеттенүү формаларын изилдөө;
 – Инвестицияларды тартууга жана илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну колдоо;
 – Фармацевтика тармагын өнүктүрүү;
 – Маалымат алмашуу жана зарыл маалыматтарды берүү;
 – Өз ара макулдашылган шарттарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
 – Долбоорлорду илгерилетүү жана талкуулоо максатында жумушчу жолугушууларды, консультацияларды жана жумушчу топторду уюштуруу.

Белгилей кетсек, меморандумдун алкагында Кыргызстандын фармацевтика өнөр жайын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Бул кадам өлкөнүн фармацевтика тармагын чыңдоонун маанилүү этабы болуп, заманбап технологияларды киргизүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.