Бишкекте Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий диалогду кеңейтүү маселеси талкууланды

Загрузка... 06 Февраль 2025 13:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файды кабыл алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Абакиров Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий диалогду мындан ары жогорку деңгээлде кеңейтүүнүн, соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда, анын ичинде туризм чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Өз кезегинде элчи Николя Фай эки өлкөнүн кызматташтыгын активдештирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын айтып, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, Кыргызстанга инвестиция тартуу жана маданий алмашууну кеңейтүү боюнча көз карашын билдирди.

Жолугушуунун алкагында тараптар ошондой эле глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу боюнча пикир алмашты.