Бишкек, 24.07.25. /Кабар/. Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Көк бөрү федерациясы менен биргеликте көк бөрү улуттук оюнунун жаңы эрежелерин иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган агенттиктин директору Айбек Абдымомунов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, буга чейин федерация менен агенттиктин өкүлдөрү жолугушуп, бир нече ирет оюндун эрежелерин жакшыртуу, коопсуздукту сактоо боюнча семинарларды өткөрүшкөн.
“Көк бөрү оюну боюнча айтсак, жазында болгон кырсыкка байланыштуу коопсуздук эрежелерин карап чыгууга чейин оюнду токтотуп койдук. Биздин милдетибиз – спортчулар менен жаныбарлардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн оюндун эрежелерин жакшыртуу. Негизинен баш кийим сыяктуу оюнчулардын коргонуу каражаттарына басым жасоо менен эрежелерди иштеп чыктык. Жакынкы күндөрү федерация менен биргеликте жаңы эрежени жарыялайбыз,- деди Абдымомунов.
буга чейин Абдымомунов жаңы эреже макулдашуу үчүн президенттин администрациясына жөнөтүлөрүн, эгер жактырылса көк бөрү боюнча мелдеш мындан ары коопсуздук эрежелерин сактоо менен улантыларын "Биринчи радионун" түз эфиринен маалымдаган.
Эскерте кетсек, ушул жылдын март айында Военно-Антоновка айылында көк бөрү боюнча беттеш учурунда кайгылуу окуя катталып, оюнчу каза болуп, андан соң турнир токтотулган.
Оюндун эрежелерин кайра иштеп чыгуу ушундай жагымсыз окуялардын алдын алууга жана коопсуздук талаптарын эске алуу менен улуттук оюнду өнүктүрүүгө багытталган.