Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Кочкор районунда 100 миллионго бааланган өндүрүш объектиси жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен мамлекеттик мүлктөрдү кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, мурда мамлекеттин менчигиндеги дан азыктарды сактоочу кампалар жана ага тийиштүү жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактардын менчигине берилип кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында 100 млн 750 миң сомду түзгөн кыймылсыз мүлк 5 гектардан ашык жер тилкеси менен биргеликте мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Ошондой эле Жумгал райондук прокуратурасынын аракеттеринин негизинде Чаек айыл аймагындагы калктуу конуштагы мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен 5 млн сомдук 0,23 га жер тилкеси муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилди.