Баалуу металлдар жана валюта рыногунда жаңы долбоорлор ишке кирет

Экономика Загрузка... 29 Январь 2026 12:10
-----------_2024-04_FNiVOoe.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кыргыз фондулук биржасы

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) Евразия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен IT-инфраструктурасын жаңылап, Quik программалык камсыздоосун ишке киргизди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Кыргыз фондулук биржасынын директорлор кеңешинин төрагасы Талант Өмүралиев белгилегендей, биржанын 2026-жылга карата артыкчылыктуу багыты масштабдуу технологиялык секириги болууда.

"Биз биржалык инструменттер ар бир жаранга мобилдик тиркемелер аркылуу жеткиликтүү боло турган заманбап экосистеманы түзүп жатабыз. Бул өлкөнүн бүтүндөй каржы рыногунун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат", — деди ал.

Кыргыз фондулук биржасынын директорунун милдетин аткаруучу Аида Чодулова КФБ экономикадагы негизги байланыштыруучу звено экенин баса белгиледи.

"Компаниялар бул жерден керектүү инвестицияларды табат, жеке жактар — топтолгон каражаттарын узак мөөнөткө өстүрүүнүн ишенимдүү жолдоруна ээ болушат, ал эми мамлекет стратегиялык долбоорлорду каржылоо жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн натыйжалуу механизмди алат", - деди ал.

2026-жылы КФБ валюталык жана товардык сегменттерди активдештирүүнү, ошондой эле баалуу металлдар секторунда жаңы долбоорлорду ишке киргизүүнү пландаштырууда.