Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эстафетасы Татарстанга өткөрүлүп берилди.
“Биримдик кербени” аркылуу облустарды аралап келген көөкөргө куюлган тоо суусун министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Татарстандын раиси Рустам Миннихановго жана Россиянын спорт министринин орун басары Алексей Морозовго тапшырды.
Эми Россия Федерациясы 2028-жылы VII Көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрөт.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде Россиядан 2028-жылы VII Көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даяр экендигин билдирген расмий кат келгенин жарыялаган болчу.
Эске салсак, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандыруу жана дүйнөгө жайылтуу максатында Кыргызстан тарабынан демилгеленген ири эл аралык иш-чара болуп саналат. Оюндар 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда, 2022-жылы Түркияда, 2024-жылы Казакстанда өткөрүлгөн. Ал эми быйыл VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөрүлдү.