Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Тогуз-Торо районунда Казарман ГЭСтер каскадын курууга мезгил кутусун салуу аземине катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын гидроэнергетикалык ресурстарга бай экенин жана ушул байлыкты өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кызмат кылдыруучу жаңы доордун босогосунда турганын баса белгиледи.
Ал Казарман ГЭСтер каскады Кыргызстандын көз карандысыздык тарыхындагы эң ири энергетикалык долбоорлордун бири болуп каларын айтты.
“Ала-Буга, Кара-Булуң-1, Кара-Булуң-2 аттуу үч гидроэлектр станцияны камтыган бул долбоордун жалпы кубаттуулугу – 912 мегаватт. Бул ГЭСтер каскадынын жылдык электр кубатын өндүрүүнүн орточо көлөмү 3,75 млрд киловатт сааттан ашат. Инвестициянын көлөмү 3 млрд АКШ долларына жакын каражатты түзөт. Долбоор “Орто Азия Инвестмент Холдинг” ачык акционердик коому менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин негизинде ишке ашырылат", - деди президент.