Казанда Кыргызстандын адал жана органикалык продукциялары тааныштырылууда

Экономика 15 май 2026 12:40
WhatsApp_Image_ZQHFAVr.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_ZwBXjmw.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_3lPLzlO.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_aKnXhxe.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_HCm6tLA.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_pGbybmp.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_UTEOioz.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_Vm9zAAq.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Адал индустриясын өнүктүрүү" борборунун өкүлдөрү жана ата мекендик өндүрүшчүлөр Казань шаарында өтүп жаткан Russia Halal Expo эл аралык көргөзмөсүнө катышууда.

Кыргызстандын бул иш-чарага катышуусу ислам дүйнөсү менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ата мекендик продукцияны эл аралык рынокко чыгарууга жана бизнес байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.

Көргөзмөдө "Адал Азык", "Накта Как", "Шоро", "Салих ЛТД", "Болашак" жана "Дары Тянь-Шаня" сыяктуу алдыңкы компаниялар өздөрүнүн продукцияларын тааныштырып жатат.

"Бул форум продукцияларыбызды тааныштырууга, тажрыйба алмашууга жана эл аралык өнөктөштөрдү табууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биздин өндүрүшчүлөр эл аралык адал стандарттарына жооп берген экологиялык таза продукцияларды сунушташты", - деди "Адал индустриясын өнүктүрүү" борборунун өкүлү Кадырбердиев.

Ошондой эле көргөзмөдө кыргыз боз үйү, шырдактар жана кол өнөрчүлүк буюмдары чет элдик коноктордун өзгөчө кызыгуусун жаратууда.

Маалымат үчүн: Russia Halal Expo — Россиядагы адал индустриясынын эң ири көргөзмөсү. Ал 12-майдан 17-майга чейин Татарстандын борборунда өтүп жаткан "Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum" экономикалык форумунун алкагында уюштурулган.