Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында салттуу жаа атуу боюнча мелдештер өтүп жатат.
Андагы 40 жана 70 метр аралыктагы буталарга атууда кыргызстандык жаачы Алмаз Жунусов жеңишке жетти.
Анын айтымында, мелдештин алкагында ал бир катар жаачылар менен атаандашты.
“Жеке таймаштарда Малайзия, Монголия, Венгрия жана Казакстандын жаачылары менен жарыштым. Казакстандын жаачылары мыкты болсо, ал эми Монголиянын жаачылары дүйнө чемпиондору. Бирок, алардын арасынан биринчиликти ала алдым. Мен үчүн бул таймаш өзгөчө болду”, - деди ал.
Ошондой эле салттуу жаа атуу оюнунун башкы калысы Исхак Токоновдун маалыматына ылайык, мелдеш үч категория — кыргыз, түрк жана корей буталары боюнча өткөрүлүүдө.
“Кыргыз бутасында 40 метр аралыктан теке сымал бутага атабыз. Түрк бутада эркектер 70 метрден, айымдар 60 метрден атышат. Ал эми корей бутада эркек-аялдар тең 145 метр аралыктан мелдешет.
Жалпы 51 мамлекеттен 196 жаачы катышып жатат. Алардын 115и эркек, 81и аялдар. Алдыда дагы 145 метр аралыктагы мелдеш өтөт. Бүгүн — мелдештин акыркы күнү”, — деди ал.