Катуу ылдамдыкта 70 чакырым качкан. Жол инспекторлоруна баш ийбеген айдоочуга 25 миң сом айып салынды

Укук тартиби Загрузка... 11 Май 2025 12:02
copyright icon Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы

Бишкек, 11.05.25. /Кабар/. Катуу ылдамдык менен жол инспекторлоруна баш ийбей качкан айдоочуга 25 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, ЖКККББ кызматкерлери Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 124-чакырымында кызмат алып барып жаткан учурда BMW үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта айдап өткөн.

Кызматкерлер токтоткон учурда айдоочу баш ийбей, Боом капчыгайынан тартып, Токмок шаарына чейин 70 чакырымга чейинки аралыкта качкан.

Аягында Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү тарабынан кармалып, катуу ылдамдыкта айдагандыгы жана кызматкерлерге баш ийбегендиги үчүн 25 миң айып салынды.