Бишкек, 07.10.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Дүйнөлүк ааламдашуу, интеграция процесстеринде авиация өзгөчө роль ойноп, кечээ эле кол да жеткис, ой да жеткис алыс болгон, океандын ары жагында жайгашкан өлкөлөргө жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташып, алысты жакындаткан, мезгилди закымдаткан факторго айланды. Жарандык авиация өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө да өзгөчө орунду ээлейт. Авиациялык каттамдар өлкөбүздү Борбор Азия жана дүйнөнүн башка мамлекеттери менен байланыштырып эл аралык соода жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүдө. Авиациянын олуттуу өнүгүшү менен туризмди өнүктүрүүгө, айрыкча элиталык туризмдин калыптанышына шарт түзүлө баштаганын өзгөчө белгилеп кетем.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандык авиациясы өнүгүүнүн жаңы этабына кадам таштоодо. Өлкөдө аэропорттук инфраструктураны модернизациялоо, учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу, мамлекеттик көзөмөл системасын өркүндөтүү, улуттук мыйзамдарды жана стандарттарды эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө.
Учурда эки орто магистралдык аба кемеси жана эки турбовинттүү аба кемеси менен өлкөнүн авиациялык паркын кеңейтүү каралып жатат. Авиациялык паркты кеңейтүү менен катар өлкөнүн аэропорттук инфраструктурасы да жаңы деңгээлге чыгарылууда.
Өлкөнүн түштүгүндө Жалал-Абад облусунда жаңы эл аралык аэропорттун курулушу активдүү уланууда. Жаңы эл аралык аэропорттун ишке кириши Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол инфраструктурасынын өнүгүшү менен айкалышып, ири аймактык транспорттук-логистикалык түйүндү түзүүгө, аймактын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, туризмди өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө жана тышкы экономикалык ишмердикти активдештирүүгө кошумча шарттарды түзөт.
Үстүбүздөгү жылдын өзгөчө жетишкендиктеринин бири - Кыргыз Республикасынын Европа биримдигинин Авиациялык коопсуздук боюнча "кара тизмесинен" чыгарылышы болду. Өлкөбүз дээрлик 20 жыл бою турган бул тизмеден чыгарылыш ата мекендик жарандык авиациянын тарыхындагы маанилүү жетишкендик болуп, тармактын алдында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.
Бул тарыхый максатка жетишүүгө олуттуу салым кошкон адистерге өзгөчө ыраазычылык билдирем.
Бүгүнкү күндө авиация тармагында заманбап билимге ээ, эл аралык талаптарды жакшы билген, жаңы технологияларды өздөштүрүп жаткан жана өз өлкөсүнүн авиациясын өнүктүрүүгө чоң жоопкерчилик менен мамиле кылган адистердин жаңы мууну калыптанууда. Алдыбызда учуулардын коопсуздугунун жетишилген деңгээлин сактоо, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, заманбап технологияларды киргизүү, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдообоюнча жоопкерчиликтүү милдеттер турат.
Урматтуу жарандык авиациянын кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздерге кесипкөйлүк, жоопкерчилик жана ишке берилгендик менен кыргыз авиациясын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Ардагерлерибизге, жаш адистерге, жалпы эле авиация тармагынын бардык кызматкерлерине чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана жооптуу да ардактуу ишиңиздерде жаңы жетишкендиктерди каалайм.
Ар бир рейс байсалдуу, сапарыңыздар коопсуз болсун!
Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы мындан ары да ишенимдүү өнүгүп, элибиздин бакубатчылыгына жана өлкөбүздүн гүлдөп-өсүшүнө кызмат кыла берсин!
Майрамыңыздар менен!”