Касымалиев Сауд Аравия элчисин дипмиссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды

Министрлер кабинети 1246 11 Декабрь 2025 10:28
693961d6e3f38 (1).jpeg
693961d82620a.jpeg
693961d888496.jpeg
Алдыга
Артка
693961d6e3f38 (1).jpeg
693961d82620a.jpeg
693961d888496.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Сауд Аравия Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радинин дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Падышалыгынын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин ырасташты жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө эки тараптын кызыкдарлыгын билдиришти.

Элчи Ибрахим бин Ради Аль-Ради өзүнүн ишмердүүлүгүн жыйынтыктап жатып, Кыргызстандагы ишинин жүрүшүндө кыргыз тарап тарабынан көрсөтүлгөн колдоону жогору баалап, миссиянын мезгили учурунда өлкөлөр ортосундагы достук байланыштардын олуттуу бекемделишине салым кошконун жана ага эң жагымдуу таасир калтырганын белгиледи.

Адылбек Касымалиев өз кезегинде элчиге кыргыз-сауд мамилесин өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте конструктивдүү диалогду жана өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендигин белгиледи.

Тараптар ошондой эле акыркы жылдарда ишке ашырылган жемиштүү биргелешкен иштердин жыйынтыктарын канааттануу менен белгилешти.

Жолугушуу достук маанайда өттү.