Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев футболду коргоочунун позициясында мыкты ойнойт. Бул тууралуу минкаб жетекчиси "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Адылбек Касымалиев жаш кезинен бери эле футболго кызыгып ойноп келгенин айтты.
“Мектепте окуп жүргөндө мектептин курама командасында ойногом. Андан кийин Ленинграддагы Финансы экономикалык институтта кыргыз студенттеринен турган командасында ойнодум. Биздин команда мелдештерде дайыма биринчи орунду жеңчү. Мен футболду коргоочу позициясында жакшы ойнойм”, - деди минкаб жетекчиси.
Белгилей кетсек, күн мурун Кыргыз футбол биримдигинин президенттик кызматына Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги ачык добуш берүү аркылуу бир добуштан колдоого алынган.
Жаңы шайланган президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2030-жылга чейин созулат.