Касымалиев: Биздин максат – ИДПны жан башына 5 миң долларга жеткирүү

Экономика Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 18:00
WhatsApp_Image_2025_i24qr95.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) жан башына 3075 долларга жетип, мурдагы жылдарга салыштырмалуу олуттуу өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Кабар подкастта" билдирди.

Минкаб төрагасы киши башына эсептелген ИДП көрсөткүчүнүн маанисин жөнөкөй мисал менен түшүндүрүп жатып, кайра иштетүү өнөр жайынын ролуна токтолду.

"Мисалы, сүттү кайра иштетүүчү заводду алалы. Ал калктан чийки зат сатып алып, продукция чыгарат жана аны ички рынокко сатат же экспортко жөнөтөт. Өлкө боюнча өндүрүлгөн жана сатылган ушул продукциянын жалпы көлөмү ички дүң продукциябыздын бир бөлүгүн түзөт", – деп түшүндүрдү Касымалиев.

77777_pQgTmqR.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Анын айтымында, 2020-2021-жылдары Кыргызстанда киши башына эсептелген ИДПнын көлөмү болгону 1200 долларды түзсө, азыр бул көрсөткүч 3075 долларга чейин өстү.

Ошол эле учурда минкаб төрагасы бул көрсөткүч азырынча жетишсиз экенин белгилеп, өнүккөн өлкөлөрдө ИДП жан башына 60 миң долларга чейин жетерин мисал келтирди.

"2030-жылга чейинки Стратегиялык программабызга ылайык, өлкөнүн жалпы ИДПсын 30 млрд доллардан ашырууну, ал эми жан башына эсептелген көрсөткүчтү 5000 долларга жеткирүүнү максат кылдык. Биз бул көрсөткүчтөргө сөзсүз жетебиз. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсы 22,6 млрд долларды түздү", – деди ал.

Адылбек Касымалиев макроэкономикалык өсүш даана байкалып жатканын, бирок эң негизгиси бул өсүштүн таасирин жөнөкөй жарандар сезиши керектигин кошумчалады.

"2026-жылы биз бюджеттен кошумча 62 млрд сомду толугу менен айлык-акыларды жогорулатууга багыттадык. Салыштыруу үчүн айтсак, 2015-жылы мен министр болуп иштеп турган учурда республикалык бюджеттин жалпы көлөмү 115 млрд сом болчу. Ал эми былтыр киреше бөлүгү 600 млрд сомдон ашты. Азыр эмгек акыларды төлөөгө эле 200 млрд сомдон ашык каражат жумшалууда", - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.