"Касиет" фабрикасы жанданат: Минкаб башчысы ишкананын абалы менен таанышты

Министрлер кабинети
6adf496ea4387-thumb.jpeg
6adf496f83851-thumb.jpeg
6adf496fbf132-thumb.jpeg
6adf4971e11a7-thumb.jpeg
6adf4972afe12-thumb.jpeg
6adf4972eacc6-thumb.jpeg
6adf4973a6e3c-thumb.jpeg
6adf4974b527d-thumb.jpeg
6adf49720f756-thumb.jpeg
6adf49758ca9c-thumb.jpeg
6adf49761c0d6-thumb.jpeg
6adf49763fb9f-thumb.jpeg
6adf497373c4b-thumb.jpeg
6adf497459b11-thumb.jpeg
6adf4971439fc-thumb.jpeg
6adf4975549ce-thumb.jpeg
6adf497709654-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6adf496ea4387-thumb.jpeg
6adf496f83851-thumb.jpeg
6adf496fbf132-thumb.jpeg
6adf4971e11a7-thumb.jpeg
6adf4972afe12-thumb.jpeg
6adf4972eacc6-thumb.jpeg
6adf4973a6e3c-thumb.jpeg
6adf4974b527d-thumb.jpeg
6adf49720f756-thumb.jpeg
6adf49758ca9c-thumb.jpeg
6adf49761c0d6-thumb.jpeg
6adf49763fb9f-thumb.jpeg
6adf497373c4b-thumb.jpeg
6adf497459b11-thumb.jpeg
6adf4971439fc-thumb.jpeg
6adf4975549ce-thumb.jpeg
6adf497709654-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токмок шаарындагы "Касиет" камволдук-жип ийрүүчү фабрикасына барды.

Сапардын жүрүшүндө минкаб башчысы ишкананы толук кыдырып, азыркы абалын жеринен көрүп чыкты. Ал аралаштыруу, кардочесалоо, гребнечесалоо, боёо, ровница даярдоо, жип ийрүү, чыйратуу жана түрмөккө ороо, таңгактоо цехтерин кыдырып, Италияда өндүрүлгөн "Савио", "Тематеко", "Меццера" үлгүсүндөгү заманбап жабдуулардын иштеши менен таанышты.

Минкаб башчысына фабриканын учурдагы абалы тууралуу маалымат берилди. Фабрика 1971-жылы негизделип, 1977-жылы ишке кирген. Долбоордук кубаттуулугу жылына 1500 тонна жип болгону менен, учурда болгону 75 тонна өндүрүлүүдө. Ишкана 17,06 га аянтты ээлеп, учурда 450 адам эмгектенет.

Андан соң министрлер кабинетинин төрагасына КР Улуттук инвестициялык фондунун "Жүн кластерин өнүктүрүү стратегиясы: Кичи долбоорлордон чоң долбоорго" долбоору тааныштырылды.

Улуттук инвестициялык фонд тарабынан сунушталган стратегия 3 этаптан турат:

1-этап – Кичи жана орто бизнес. Кийиз жана жип цехтери, гранттар жана жабдуулар. Бул этапта 27 кичи жана орто бизнес долбоору ишке ашырылып, 57,5 млн сом грант жана жеңилдетилген каржылоо берилген. 1000ден ашуун кепилденген сатуусу бар фермерлер тартылып, 100дөн ашуун жергиликтүү жумуш орундары түзүлгөн.

2-этап – ЖАИИ, Токмок шаары. Жүндү алгачкы иштетүү ишканасы. TecNZ (Жаңы Зеландия) линиясында жүндү сорттоо, тытуу, жуу, кургатуу иштери жүргүзүлөт. Долбоордун көрсөткүчтөрү: наркы 728,2 млн сом, 205 жумуш оруну түзүлөт. Кубаттуулугу – жылына 2176 тонна жүн жуу, суунун 95% рециркуляциясы, жылына 98 тонна таза ланолин. Натыйжасы – евро сапаттагы таза чийки зат.

3-этап – "Касиет" ишканасы. Толук өндүрүштүк цикл – топс, камволдук жип, костюмдук жана пальтолук кездемелерди чыгаруу. Кубаттуулугу – жылына 1440 тонна терең кайра иштетүү, кошумча нарк 5-7 эсеге өсөт.

Жалпысынан кластерди ишке ашыруу менен жүндү кайра иштетүүнүн толук өндүрүштүк чынжыры түзүлөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы ата мекендик чийки затты терең иштетүү жана кошумча нарк түзүү өлкөнүн индустриализациясы үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоорлорду өз убагында ишке ашыруу жана "Касиет" фабрикасын толук кубаттуулукта иштетүү боюнча тапшырмаларды берди.