Бишкек, 29.10.26 /Кабар/. Кечээ, 28-октябрда Каракол шаарында Улуттук банктын коллекциялык тыйындары жана өлчөнгөн алтын куймаларынын нумизматикалык көргөзмө өттү.
Улуттук банктын маалыматына караганда, иш-чара "Аманаттар күнү – 2026" дүйнөлүк акциясынын алкагында жөнгө салуучунун Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан уюштурулган.
Көргөзмөгө келгендерге улуттук валютанын тарыхы, анын калыптануу этаптары жана коргоо белгилери, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктар жана Улуттук банктын өлчөнгөн алтын куймалары тууралуу маалымат берилди.