Каракол шаары менен Кытайдын Хэцзэ шаары кызматташтыгын бекемдейт

Саясат 2084 19 Март 2025 11:15
WhatsApp Image 2025-03-19 at 13.33.33 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-19 at 13.33.33.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-03-19 at 13.33.33 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-03-19 at 13.33.33.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Күн мурун Кытай Эл Республикасынын Кызылсуу-Кыргыз автономдуу округундагы Улугчат шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Хэцзэ шаарынын мэри Турсун Нияз менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап Каракол жана Хэцзэ шаарларынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун негизги тармактарын талкуулашты.

Ошондой эле, облус, шаар жетекчилери менен ишкер маанайдагы жолугушуулар учурунда эки шаардын ортосундагы соода, экономикалык жана маданий, достук кызматташтыкты дагы да бекемдөө тууралуу кеп козголду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Хэцзэ шаарынын мэри Турсун Ниязга эки шаардын кызматташтыгын илгерилетүү демилгесин колдоого алгандыгы жана көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде Хэцзэ шаарынын мэри Турсун Нияз эки өлкөнүн, анын ичинде эки шаарды өнүктүрүүдөгү кызматташтыкты мындан жакшы багытка бурууга кызыкдар экенин белгиледи.

Иш-чаранын соңунда Каракол шаары менен Хэцзэ шаарынын кызматташуу жана достук келишимине кол коюлду.