Кара-Кулжада 12 га жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды

Укук тартиби Загрузка... 03 Апрель 2025 14:41
proxy.imgsmail.ru_1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Кара-Кулжада мыйзамсыз берилген 12 га жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун прокуратурасы тарабынан КР жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Кулжа айыл аймагына караштуу болгон жалпы 12 га айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзамсыз “У” дыйкан чарбанын жеке менчигине берилгендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгы менен 4 млн 43 миң 368 сомдук 12 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.