Капитал тартуунун жаңы жолу: Кыргыз фондулук биржасы санариптик доорго кадам таштады

Экономика Загрузка... 16 Июль 2026 17:35
1.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Бишкекте "Кыргыз фондулук биржасынын уюштурулган рынокторун өнүктүрүү: фондулук рынок, акча рыногу, товардык рынок жана баалуу металлдар рыногу" деген темада тегерек стол өтүп жатат.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар биржанын санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүнү, бизнес жана инвесторлор үчүн фондулук рыноктун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү, товардык сооданы өркүндөтүүнү, ошондой эле баалуу металлдар рыногун өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашууда.

Биринчи сессиянын жүрүшүндө Кыргыз фондулук биржасынын башкы директорунун орун басары Мыктыбек Абиров депозиттик аукциондордун санариптик платформасын тааныштырды. Анын айтымында, жаңы системанын киргизилиши банктарга депозиттерди жайгаштыруунун ачык-айкын жана ыкчам механизмин алууга, ошондой эле ликвиддүүлүктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Ал эми Кыргыз фондулук биржасынын башкы директору Аида Чодулова бизнес жана инвесторлор үчүн фондулук рыноктун жаңы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, листинг процедурасынан өтүү компанияларга болгон ишенимди арттырат, алардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгын тастыктайт жана корпоративдик облигацияларды чыгаруу аркылуу узак мөөнөттүү капиталды тартууга жол ачат.

2

Анын айтымында, компаниялардын биржага чыгышы бизнести өнүктүрүүнүн жана инвестиция тартуунун маанилүү инструментине айланууда. Ошондой эле каржылык инструменттерди кеңейтүү, анын ичинде ислам каржылоо багытын өнүктүрүү келечеги белгиленди. Ислам каржысы жана инвестициялары боюнча биринчи форум Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда өтөт.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар уюштурулган рынокторду өнүктүрүү, бизнес жана калк үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, ошондой эле Кыргызстандын каржы секторуна заманбап санариптик чечимдерди киргизүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.