Каныбек Адиев Каракол шаарынын мэри болду

Кадрлар жана дайындоолор 27 июнь 2025 15:00
Каныбек Адиев Каракол шаарынын мэри болду

Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 8, 47-беренелерине ылайык Адиев Каныбек Маматбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды.