Камчаткада вулкан атылып, күлү 6 км бийиктикке чейин чачырады

Дүйнө 24 Август 2026 09:50
WhatsApp Image 2026-08-24 at 06.40.59.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Камчаткадагы Ключевской вулканы атылып, анын күлү 6 миң метрге чейинки бийиктикке чейин чачырады. Бул тууралуу ТАСС жазды.

Камчаткадагы вулкандардын атылышына мониторинг жүргүзгөн топтун маалыматына караганда, күлдүн чыгышы 23-августта кечинде катталган. Вулкан өзү деңиз деңгээлинен 4 миң 750 метр бийиктикте жайгашкан.

Күлдүн тараган багытында калктуу конуштар жок. Бирок шамалдын багыты өзгөргөн учурда Усть-Камчатск районуна караштуу айрым калктуу конуштарга аз өлчөмдө күл түшүшү мүмкүн. Учурда калктуу конуштарда күлдүн түшүүсү байкалган жок.

Ключевской – Евразиядагы эң бийик аракеттеги вулкан. Анын атылышы 15-августта башталган.