Бали аралында вулкан атылып, аба каттамдары токтотулду

Дүйнө 7 сентябрь 2026 12:15
Бали аралында вулкан атылып, аба каттамдары токтотулду
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. Индонезиянын Бали аралындагы эл аралык аэропорт вулкандык активдүүлүктүн күчөшүнө байланыштуу ондон ашык авиакаттамды токтотту. Бул тууралуу БелТА агенттиги жазды.

Анак-Кракатау вулканынын тынымсыз атылышы 4-сентябрдын кечинен бери уланууда. Атылуу күркүрөө, силкинүү жана лавалардын атылышы менен коштолуп, жанар тоонун күлү деңиз деңгээлинен болжол менен 14,6 чакырым бийиктикке көтөрүлгөн.

Аэропорттун администрациясы Бали аралындагы Нгурах-Рай эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатканын билдирди. Каттамдардын абалын авиакомпаниялардан алдын ала тактап алуу сунушталды.

Анак-Кракатау Ява жана Суматра аралдарынын ортосундагы Зонд кысыгында жайгашкан.