Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүткөнгө чейин 1000ге жакын студент энергетикалык факультетке окутулат. Бул тууралуу КРнын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банк тобунун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Хью Риддел менен «Камбар-Ата-1 ГЭС» долбоорун ишке ашыруу боюнча жолугушуусунда айтылды.
Министрликтен билдиришкендей, жолугушуунун алкагында «Камбар-Ата-1 ГЭС» долбоору талкууланып, аткарылган иштер, долбоорду ишке ашырууга багытталган алдыгагы пландар тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Алгач энергетика министри Дүйнөлүк банкка энергетика тармагындагы бир катар долбоорлорду ишке ашыруга жасаган колдоосу үчүн ыраазычылын билдирди.
Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнүп берилген 18 миллион 600 миң АКШ доллар акча каражатына техникалык экономикалык негиздемени актуализацилоо иштери жүргүзүлүп жатканын айтып өттү. Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСти курууга карата жасалган даярдык иштери: жол салуу, туннелди бетондоо, көпүрө куруу, жумушчулар үчүн шаарча куруу, аба чубалгысын тартуу тууралуу маалымат берди. Министр учурда эколог, социологдордун иш алып барып жаткандыгы, ГЭСти курууга болгон калктын пикирин билүү үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы тууралуу маалыматты толуктады.
Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө энергетика министри Т.Ибраев Дүйнөлүк банк тобунун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Хью Ридделге бир катар маселелерди сунуштады.
Алар:
- Камбар-Ата-1 ГЭСи курулгандан кийин, жергиликтүү тургундарды жумуш орун менен камсыз кылуу;
2. ГЭСтен чыккан электр энергиясынын 1 пайызын жардам катары жергиликтүү калкка жумшоо;
3. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү;
4. ГЭС курулуп бүткөнгө чейин 1000ге жакын кесипкөй студенттерди энергетикалык факультетке окутуу жана кадр даярдоо;
5. Жергиликтүү тургундарды ичүүчү суу менен камсыздоо;
6. Токтогул району менен Камбар-Ата-2 ГЭСинин аралыгына резервдик 110 киловольттук электр линиясын куруу:
Ошондой эле тез арада чечүүнү талап кылган актуалдуу маселелер талкууланып, Камбар-Ата -1 ГЭСде курулуш иштерин баштоо боюнча мындан аркы кадамдар макулдашылды. Тараптар долбоордун өз убагында жана ийгиликтүү ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Камбар Ата-1 ГЭСти курууга болгон даярдык иштери боюнча төмөнкү жумуштар аткарылды:
Автожолдордун курулушу боюнча.
ГЭСке жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн автожолдор курулууда:
• ТТ-2 чыгуучу порталдан 2-Прорезге чейинки жол (5,6 км, туурасы 8,5 м) – жолду даярдоо 82%га, бетондоо 44%га аяктады:
• ГЭС створуна чейин баруучу автожол (5,6 км, туурасы 8,5 м) – жолдун 2,5км бетон төшөлдү, бетондоо 22,32% аткарылды:
Транспорттук тоннелдер боюнча.
• ТТ-2 транспорттук тоннели (126 м) 100% бүткөрүлүп, учурда жолду пландоо жана бетондоо иштери жүрүп жатат.
Электр өткөрүү чубалгылары боюнча.
ГЭСтин электр тармагына туташтырылышы үчүн 110 кВ электр берүү чубалгысы (ВЛ-110 кВ, 18 км) жана 110/6 кВ көмөкчордон курулууда:
• Учурда 6,794 км аба чубалгысы тартылды (37,7% бүткөрүлдү):
• 25 даана тирөөч орнотулду, 732 даана изолятор орнотулду:
• Башкы подрядчы “Нарынгидроэнергокурулуш” ААК эки даана ТДН-16000/110-У1 трансформаторун жеткирди:
Нарын дарыясы аркылуу көпүрө куруу боюнча:
• 1-4 тирөөчтөрүнүн пайдубалын жана свайларын бургулоо-бетондоо иштери жүрүүдө:
• Аба ырайынын сууктугуна жана суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу жумуштар 2024-жылдын 12-декабрынан тартып убактылуу токтотулган:
Куруучулар үчүн вахта шаарчасы боюнча:
- АТК имараты (административдик-тиричилик корпусу): пайдубал куруу, бетон куюу 230м3 100% бүткөрүлдү;
- Ашкана: пайдубалдын түзүлүшү, бетон куюлган – 78м3 100% бүткөрүлдү;
- Жатакана имараты: пайдубалдын түзүлүшү, бетон куюлган – 84,5м3.