"Кайрагач" жана "Кызыл-Бел" бекеттери кыргыз-тажик соода алакасын күчөтүүгө шарт түзөт

Экономика Загрузка... 13 Март 2025 12:58
WhatsApp Image 2025-03-13 at 09.40.30.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. "Кайрагач" жана "Кызыл-Бел" чек ара өткөрмө бекеттеринин ачылышы менен эми Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода-сатыкты жөнөкөйлөтүүгө жана карым-катышты күчөтүүгө шарт түзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, эми эки өткөрмө пунктта оңдоп-түзөө, модернизациялоо иштери жүргүзүлөт.

“Кыргызстан Бажы биримдигинин мүчөсү катары ар бир өткөрмө пункттарда бирдиктүү талаптар киргизилген. Кыргызстан Кытай, Өзбекстан, Тажикстан менен болгон өткөрмө пункттарда талаптар дал келтирилген. Бүгүнкү күндө эки өткөрмө пункттагы оңдоп-түзөө иштери, модернизациялоо иштери жүргүзүлөт”, - деди ал.

Ошондой эле Алмаз Салиев Кыргызстан менен Тажикстандын Мамлекеттик бажы кызматтары алдын ала маалымат алмашуу протоколуна кол коюшканын белгиледи.