Бишкек, 10.12.25 /Кабар/. Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жогорку окуу жайларынын жетекчилери жана санариптик башкарууга байланыштуу чечим кабыл алуучу кызматкерлер үчүн киберкоопсуздук маселелерине арналган окуу семинары өттү.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришкендей, семинардын негизги максаты - заманбап киберкоркунучтар боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, ЖОЖдордун санариптик туруктуулугун бекемдөө жана киберкоопсуздук маданиятын жогорку билим берүү системасына интеграциялоо болду.
Семинарга илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин орун басары Кемель Садыков катышты.
Семинардын алкагында Kaspersky компаниясынын өкүлдөрү киберкоркунучтардын негизги тенденциялары боюнча презентация жасап, Kaspersky Interactive Protection Simulation (KIPS) интерактивдүү симуляциясын өткөрүштү. Катышуучулар практикалык форматта киберчабуулдардын реалдуу сценарийлерин, аларга каршы аракеттенүү ыкмаларын жана цифралык чөйрөнү коргоо жолдорун талкуулашты.
Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга окуудан өткөнү тууралуу сертификаттар тапшырылды.