Кайра куруу мезгилинде өлкөгө жумушчу күчү керек – Бакыт Бакетаев

Коом Загрузка... 15 Апрель 2025 20:18
IMG-20250415-WA0022.jpg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Кайра куруу мезгилинде өлкөгө жумушчу күчү керек. Мындай пикирин “Кабар” маалымат агенттигине саясат таануучу Бакыт Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда өлкө инфраструктураны өнүктүрүү, өндүрүштү кеңейтүү, айыл чарбасын жандандыруу жана тейлөө кызматтарын өркүндөтүү багытында активдүү иштерди жүргүзүп жатат. Мындай өзгөрүүлөрдү натыйжалуу ишке ашыруу үчүн квалификациялуу жана жоопкерчиликтүү кадрлар керек.

“Учурда сом менен рубль теңделди. Россияда кандай айлык маяна алып жаткан болсо, аны өлкөбүздөн деле табууга болот. Бир бөлмөлүү батирдин бир бурчуна олчойгон акча төлөп жатышат. Андан көрө өз өлкөңдө кенен-кесири жүргөн жакшы эмеспи. Өзүнүн үйүндө ата-эне, бала-чаканын маңдайында отуруп эле нан таап, киреше табууга өкмөт тарабынан жакшы шарттар түзүлдү. Өлкөдө кайра куруу доору болуп жатат. Ушул тапта республиканын ар бир аймагында курулуш иштери жүрүүдө. Курулуш болбогон облус тургай, айыл да жок. Жадагалса тээ Баткен облусунун Зардалы айылында да курулуш иштери жүрүп жатат.

Өлкө башчыбыз канчалаган курулуш долбоорлоруна старт берип жатат. Биздин эр-азаматтарыбыз өзүбүздүн жерибизде эле ушул курулуштарда, тейлөө тармагында, жеңил өнөр жайларында эмгектенишсе болот.

Мындан сырткары, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш иштери башталды. Аталган ГЭСтин курулушу менен өлкөнүн жылына 5 млрд доллар киреше табуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биздин ички дүң продукциябыз 9/%га көтөрүлдү. Секирик жасадык. Алдыңкы жылы бул көрсөткүч дагы жогорулайт. Буюрса, Сингапурдун ИДПсына жеткени аз калды.

Азыртадан келип жумуш орундарын ээлеп калыштары керек. Кийин кечигип калышат. Мындан улам бүгүнкү күндө мигранттардын доомат коюусуна негиз жок. Эмгек, социалдык жана камсыздоо министрлиги жумушчу күч жетишпей жатканын айтып эле жатат. Ал тургай статистика менен айдан ачык кылып кандай кесиптерге, кайсыл ишканада орун бар экенин тынбай көрсөтүп жатышат. Мигранттар доомат кое бербей, ошол жактан маалымат алышса жакшы болмок. Кыргыздын “Дарак бир жерден көгөрөт” деген жакшы макалы бар. Анын сыңары өз өлкөбүздө эле өсүп-өнүгүшсө дейм”, - деди ал.