“Кабар” маалымат агенттиги OANA Awards 2024 сыйлыгын жеңип алды

Коом Загрузка... 19 Февраль 2025 17:03
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Азия-Тынч океан маалымат агенттиктери уюмунун (OANA) 2024-жылдагы эң мыкты макала сынагында “Кабар” маалымат агенттигинин журналисти Нуржан Касмалиева “Маданий мурас” номинациясында шырдак (кыргыз элинин улуттук килеми) жөнүндөгү макаласы үчүн үчүнчү орунду ээледи.

OANA 2024-жылдын август айында "Эң мыкты макала" жана "Мыкты сүрөт" үчүн сынак жарыялаган. Ал эми сынактын жыйынтыгын ОАНАнын Башкы катчысы Заман Резахани 17-февралда Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн Аткаруу кеңешинин 54-отурумунда жарыялады.

Сынак OANA журналисттеринин компетенттүүлүгүн, мыктылыгын жана кесипкөйлүгүн шыктандыруу максатында өткөрүлдү.

Сынакка 17 маалымат агенттигинен 30 макала, 22 жеке сүрөт жана 14 фото серия келип түшкөн.

Сыйлык тапшыруу аземи Россиянын Санкт-Петербург шаарында июнь айында өтүүчү ОАНАнын 19-Башкы Ассамблеясынын алкагында өтөт.

OANA – Азия-Тынч океан аймагындагы Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин маалымат агенттиктеринин коммерциялык эмес бирикмеси. Ал 1961-жылдын 22-декабрында Тайланддын Бангкок шаарында ЮНЕСКОнун демилгеси менен Азиянын маалымат агенттиктеринин Биринчи Генералдык Ассамблеясында негизделген. Уюм дүйнө калкынын жарымынан көбү жашаган аймактагы маалымат агенттиктеринин ортосунда түз жана эркин кабар алмашууну камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

Учурда OANA 33 өлкөнүн 41 маалымат агенттигин бириктирет.

OANA мүчөлөрү дүйнө жүзү боюнча таратылган маалыматтын үчтөн экиси үчүн жооптуу.

КМУА “Кабар” 1997-жылдан бери ОАНАнын мүчөсү.

Нуржан Касмалиева 2023-жылы Silk Road Global News Awards сыйлыгын "Бир алкак жана жол" тармагынын катчылыгы (BRNN) тарабынан уюштурулган Silk Road Global News Awards 2023 сыйлыгын терең чагылдырганы үчүн In-depth Reporting категориясында жеңип алган.