Бишкек, 16.01. 26. /Кабар/. "Кабар" маалымат агенттиктерине коюлуучу талаптарга жооп берген деңгээлге жетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Sputnik маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин имараты толугу менен модернизацияланып, капиталдык ремонт жүргүзүлдү.
“Техникалык жабдуулар жаңыланып, агенттик эл аралык маалымат агенттиктерине коюлуучу базалык талаптарга жооп берген деңгээлге жетти. Кызматтык унааларды сатып бердик”, - деди ал.
Ошондой эле УТРК, ЭлТР телеканалдарынын имараттары капиталдык ремонттон өтүп, техникалык база жаңыртуу иштери дагы да толукталып жатканын белгиледи.