Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. "Кабар" агенттигинин жаңылануусу улуттук маалымат саясатынын жаңы доору. Мындай пикирин "Кабар" маалымат агенттигине саясат таануучу Бакыт Бакетаев билдирди.
Анын айтымында, "Кабар" агенттиги өлкөдө жүрүп жаткан реконструкция жана курулуш иштерин маалымат мейкиндигинде так жана объективдүү чагылдырган негизги булак. Агенттиктин бүгүнкү абалы эл аралык стандарттарга толук жооп берет.
“Бүгүн мына имараттын ичин көрүп чыктым. Чынында эле "Кабар" агенттиги эл аралык стандартка, бүгүнкү күндөгү заманбап талаптарга ылайык жасалыптыр. Журналисттер үчүн мыкты шарттар түзүлгөн. Агенттик эми өлкөдөгү оң өзгөрүүлөрдү, жакшы демилгелерди коомчулукка кеңири чагылдыра алат деген ойдомун. "Кабар" агенттигинин жаңылануусу улуттук маалымат саясатынын жаңы доору”,- деди ал.
Ал белгилегендей, мындай деңгээлдеги инфратүзүмдү көбүнчө өнүккөн мамлекеттерден гана көрүүгө болот.
"Президенттин, өкмөттүн саясатын элге так, өз убагында жеткирүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлүптүр. Имаратты кыдырып көрүп, өзүмдү түшүмдө жүргөндөй сездим. Мындай деңгээлдеги оңдоп-түзөөлөрдү, техникалык жабдууларды мен буга чейин өнүккөн мамлекеттерден гана көргөм. Эми бул мүмкүнчүлүк биздин журналисттерге да түзүлүптүр. Бул албетте кубанычтуу саамалык",-деди ал.