Бишкек, 08.09.26 /Кабар/. 2026-жылдын жай айы Италияда 1950-жылдан берки байкоолордун тарыхындагы эң ысык мезгил болду. Өлкө боюнча орточо температура 24,3 °C түзүп, 2003-жылдагы рекорддон (23,6 °C) ашты.
Маалыматты Италиянын Улуттук изилдөө кеңешинин Биоэкономика институту жарыялады.
Эң ысык ай август болуп, орточо температура 25,6 °C жетти. Бул 1951–1980-жылдардагы август айынын көрсөткүчүнөн 5,2 °C, ал эми 1991–2020-жылдардагы нормадан 3,5 °C жогору.
Ошондой эле июль жана август айлары Италиянын тарыхында биринчи жолу катары менен эң жылуу айлар болуп катталды.
CNR-IBEнин изилдөөчүсү Лоренцо Арчидиаконун айтымында, мындай көрсөткүчтөр 2026-жыл Италияда 1950-жылдан берки эң ысык жыл болуп калышы мүмкүн экенин көрсөтөт.
Метеорологиялык маалыматтардын талдоосуна ылайык, июнь–август айларында Рим, Флоренция жана Турин шаарларында аптаптуу ысык бир нече жолу катталып, температура кеминде алты күн катары менен жогорку деңгээлде болгон.
Эксперттердин баамында, быйылкы өзгөчө ысык жай Европа биримдигинин экономикасына 180 млрд евро чыгым алып келиши мүмкүн. Бул Евробиримдиктин ИДПсынын болжол менен 1 пайызына барабар.
Италиядагы рекорд быйыл Европада байкалган жалпы климаттык көрүнүштүн бир бөлүгү. Улуу Британия, Франция жана Бельгияда да байкоолордун тарыхындагы бир нече экстремалдуу ысык толкун катталган.