Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. "Кепилдик фонд" ААК ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнү улантууда.
Ишканадан билдиришкендей, быйылкы жылдын 31-июлуна карата жыл башынан бери "Кепилдик фонд" ААКтын колдоосу менен ишкердик субъекттерине жалпы суммасы 3,038 млрд сомдон ашкан 1 173 кепилдик берилип, анын натыйжасында 9,8 млрд сом кредиттик каражат тартылды.
Белгиленгендей, фонддун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп айыл чарбасы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өнөр жай, ипотекалык насыялоо жана туризм саналат. Ошондой эле экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулат.
Кепилдик фонду 10 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында 22 093 ишкер кепилдик колдоого ээ болду. Берилген кепилдиктердин жалпы суммасы 20,8 млрд сомдон ашып, анын негизинде бизнести түзүүгө, өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө 63,9 млрд сом кредиттик каражат тартылды.
Кепилдик продуктулары жана аларды алуу шарттары тууралуу кеңири маалыматты 7500 кыска номери аркылуу алууга болот.