Ири долбоорлорду өз күчүбүз менен ишке ашыра ала турган деңгээлге жеттик – президент

Президент 24 Август 2026 21:10
WhatsApp Image 2026-08-24 at 18.09.09.jpeg
copyright icon Кабар

Бишкек, 24.08.26 /Кабар/. Ири долбоорлорду өз күчүбүзгө таянып ишке ашыра ала турган деңгээлге жеттик. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Ырыс-Ордо” мамлекеттик конгресс-борборунун ачылышында билдирди.

Президенттин айтымында, “Ырыс-Ордо” конгресс борбору жана “Бишкек Арена” стадиону толугу менен мамлекеттик каражаттын эсебинен курулду.

“Бүгүн өлкөбүздүн ири инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду өз алдынча ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү жетип калды. Биз муну баалай билишибиз керек. Мындай ири долбоорлордун ишке ашырылышы - Кыргызстан өз күчүнө жана өз ресурстарына таянып, өз алдынча өнүгүп жаткандыгынын түздөн-түз далили. Бул сыяктуу ири курулуштарга ар бир кыргызстандыктын салымы зор деп айтар элем” — деп белгиледи өлкө башчысы.