Ипотекага үй алууда "Кепилдик фонд" баштапкы төлөмдү төлөп берет – Абакиров

Коом Загрузка... 29 Июль 2025 17:55
WhatsApp Image 2025-07-29 at 17.54.19.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. "Кепилдик фонду" 1-июлдан тартып 4 банк аркылуу ипотекалык насыя менен үй алууда баштапкы төлөмү жок же жетишсиз болгон жарандарга баштапкы төлөмдү төлөп берүүдө. Мындай маалыматты фонддун башчысы Малик-Айдар Абакиров радиолордун бирине билдирди.

Анын айтымында, аталган фонд "Айыл банк", “Элдик Банк", "Дос-Кредобанк", "Мбанк" же "Кыргызстан АКБ" банкы аркылуу 15-23 пайыз менен ипотекалык насыяга үй алгандарга 30 пайызга чейин баштапкы төлөмүн төлөп кепилдик берүүдө.

"Шарттарын айтсак, банкка үй ала турган жаран кайрылып, өзүнүн ипотеканы төлөө мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт. Банк ипотекалык насыя бергенге макул болуп, бирок жарандын баштапкы төлөмү жок болсо “Кепилдик фонд” түзгөн мүмкүнчүлүктү колдонсо болот. Чечим боюнча ипотекалык насыянын көлөмү 10 млн сомдон (110-113 миң доллар) ашпашы керек. Берилүү мөөнөтүн банк аныктайт. Эгер жарандын каражаты болбосо 10 млн сомдун 30 пайызын, ал эми 20 пайызы болсо, 10 пайызын төлөп беребиз. Мында биз коммерциялык структура катары 2 пайыз комиссия алабыз. Мисалы, 2 млн сом кепилдик алынса, 2 пайыз бир эле жолу төлөнүп 40 миң сомду түзөт. Ал эми насыя банктын графиги боюнча төлөнөт",- дейт Абакиров.

Белгилей кетсек, “Кепилдик фонд” буга чейин ишкерлер менен иштешип келсе, быйыл “Келечек” кепилдик продуктусу менен ипотека баштапкы төлөмсүз берилип баштады. Бүгүнкү күндө фонд 18 банк менен иштешип, анын ичинен жогоруда аталган 4 банк менен ипотекалык насыя боюнча келишим түзгөн.

Ошондой эле “Кепилдик фонду” ишкерлерге жана жарандарга насыя алууда күрөөсү жетишпесе кепилдик берип, керектүү көлөмдө каражат бөлүп насыя алганга жардам берет.

Эскерте кетсек, “Кепилдик фонду” түзүлгөндөн берки 9 жыл ичинде 12,3 млрд сомдон ашык суммага 12 миң кепилдик берди. Эми “Кепилдик фонд” “Келечек” кепилдик продуктусу менен ипотеканын баштапкы төлөмүн төлөөгө жардам берип баштады.