Инвесторлорду кызыктырган Кыргызстан. Равшанбек Сабиров менен маек

Экономика Загрузка... 09 Декабрь 2025 19:15
investiczii.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда чет элдик инвестор болобу, ички инвестор болобу инвестиция үчүн бардык шарттар түзүлүп жатат. Артыкчылыктуу багыттарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр бар экени да бизнес форумдарда, иш сапарларда байма-бай тааныштырылып келүүдө. Биз бул ирет Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров менен өлкөгө инвестиция салууга кызыккан жана долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырган инвесторлор тууралуу маектештик.

WhatsApp Image 2025-12-08 at 08.38.29 (1)

Чет өлкөлүк инвесторлор кайсы тармактарга инвестиция салууга кызыкдар болууда?

Борбор Азия мамлекеттеринин арасында Кыргызстандын инвесторлор үчүн шарттары абдан жакшы болгондуктан, кызыгып өлкөгө келген инвесторлордун саны арбыды. Алар айрыкча энергетика (энергиянын кайра жаралуучу булактары), туризм, тоо-кен тармактарына, инфраструктуралык долбоорлорго кызыкдар болууда. Инвестициялар боюнча мыйзам, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мыйзамы да кабыл алынган. Бул мыйзамдар эл аралык стандарттарга туура келет. Ал мыйзамдардын негизин инвесторлордун өлкөгө келип, инвестиция салып, иштөөсү үчүн шарттарды түзүп берүү камтыйт. Ошондой эле айта кетүүчү жагдай, Кыргызстанда инвесторлорго салыктык жактан жеңилдиктер бар. Ошол эле маалда инвесторлорду колдоо жана стимулдаштыруу боюнча да жеңилдиктер жок эмес. Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдөн жабдуулар ташылып келсе, бажы төлөмдөрү алынбайт. Буга байланыштуу инвесторлор биздин өлкөгө келип, экономикага салым кошуп, жаңы жумуш орундарын түзүп, долбоорлорун ишке ашырганга кызыкдар болуп жатышат. Бүгүнкү күндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде 90дон ашык долбоор бар. Анын 60ы ишке ашып жатат. Мисалы, жогорку окуу жайдын биринде инновациялык борбор ачылды, ал жерде студенттерге семинар, тренинг, окутуулар уюштурулат. Жаштардын идея, демилгелерин кабыл алышып, аларды түздөн-түз долбоорлордо ишке ашырууга абдан кызыкдар болушууда.

692af99e0e8e6

Жакында эле Германияга болгон сапарда кандай долбоорлорду жүзөгө ашырууга сүйлөшүүлөр болду?

Биз жакында эле Берлин шаарында министрлер кабинетинин төрагасы менен Кыргыз-Герман бизнес форумун өткөрдүк. Ал жерде 100дөн ашык немец компаниялары катышты. Кыргызстандан 45 компания барды. Ал жактан 15 документке кол коюлду. Эл аралык деңгээлде жетишилген келишимдердин арасында фармацевтика, илим, билим, эмгек рыногу, санариптештирүү, темир жол, энергетика багыттарында кызматташуу боюнча меморандумдар бар. Немец компаниялары сапат жагынан алдыда турушары маалым. Алар биздин өлкөгө келип, гипсокартон, балдар азыктарын чыгарууга кызыкдар экендиктерин баса белгилеп айтышты. Биз да немец ишканаларынын келүүсүнө кызыкдарлыгыбызды билдирип, Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырдык. Эми биз алардан көптөгөн инвестицияларды күтүп жатабыз. Ал эми биздин ишкерлер экспорттун көлөмүн мындан да көбөйтүү керектигин белгилешти. Анткени бүгүнкү күндө дүйнөдө экологиялык таза продукцияга суроо-талап өсүүдө. Азыр Германияга кургатылган мөмө-жемиштер экспорттолуп жатат.

Ал эми президенттин Пакистанга болгон мамлекеттик сапарында кандай инвестициялык долбоорлорду ишке ашырса болору айтылды?

Президент Садыр Жапаровдун Пакистанга жасаган мамлекеттик сапарында ири компаниялар Кыргызстанга инвестиция салууга кызыкдар экенин баса белгилеп айтышты. Ал жактан жеке компаниялар 11 меморандумга кол коюшту. Кыргызстандан 24 ишкананын өкүлдөрү барышкан. Алар пакистандык компаниялардын иши менен жеринен таанышты.

594529067_1151813353807248_1803430458809228155_n

Мына ушундай ар бир сапар Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүк деп билебиз. Анткени, биз дагы да тажрыйба алмашып, жаңы технологияларды колдонууну үйрөнүүгө аракет жасашыбыз керек. Пакистан эмгек мигранттарын бизге жиберүүнү, ошондой эле соода-логистикалык борборлорду куруу, аба каттамдарын ачуу, инновациялык долбоорду ишке ашыруу боюнча да сунуштарын ортого салды. Биз алдыда СASA-1000 долбоорунун алкагында электр энергиясын Афганистан менен Пакистанга экспорттой баштайбыз.

Биз чет өлкөлөргө барганда Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу, логистикалык борборлор, Ала-Тоо Резорт тоо-лыжа кластери жана башка ири долбоорлор ишке ашып жатканын, экологиялык таза Асман шаарын куруунун маанилүүлүгү тууралуу маалымдаганыбызда, абдан кызыкдар болушту. Биз кыргыз ишкерлерине жана компанияларга бардык жагынан колдоо көрсөтүп, кеңеш берип, долбоорлорду баштан аяк коштоп, мониторинг жүргүзүп турабыз. Экспорттук потенциалыбызды көтөргөнгө кызыкдарбыз.

594526113_1152594547062462_1409976139612642147_n

Ички инвесторлор кайсы багыттарда долбоорлорун ишке ашырууда?

Ички инвесторлор, ишкерлерибиз азыр туризм багытына өзгөчө көңүл бурууда. Мисалга алсак, “Ала-Тоо Резорт“ тоо-лыжа кластерин ишке ашыруунун алкагында Жыргалаң шаарчасын куруу үчүн жер тилкелери аукционго коюлган. Анда кыргыз жарандары да жер тилкелерин алышты. Алар эми мейманканаларды куруу иштерин башташат. Ошондой эле инфраструктуралык долбоорлорго да маани беришүүдө. Чакан ГЭСтер, жолдор, туннель салынууда. Мамлекет бардык ишкерлерге бирдей колдоо көрсөтөт. Алар мыйзам чегинде иштеп, экономиканы көтөрүүгө салым кошот деген ишеничтебиз. Статистикалык маалыматтар боюнча, 2024-жылга салыштырганда быйыл 9 айдын жыйынтыгы менен инвестиция 21,7 пайызга көбөйдү. Бул абдан жакшы көрүнүш. Мамлекетте туруктуулук, тынчтык болсо, инвестициялар көбөйөт. 2030-жылга чейинки Улуттук программанын алкагында инвестициянын көлөмүн жогорулатууга басым жасайбыз. Учурда өнүктүрүү стратегиябызды иштеп чыгуудабыз, анда жылына инвестициянын көлөмүн 10 пайыздан кем эмес көбөйтүү пландалууда.