Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Бүгүнкү күндө Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун долбоордук портфели туруктуу өсүштү көрсөтүп, жалпы инвестиция көлөмү 456 млрд сомдон ашкан 90дон ашык демилгени камтыйт.
Агенттиктен билдиришкендей, алардын ичинен 67 долбоор активдүү ишке ашыруу стадиясында болсо, 23 долбоор деталдуу даярдоо баскычында турат. 2026-жылдын башынан тартып жалпы суммасы 1 млрд сомдон ашкан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча 4 келишимге кол коюлган.
2026-жылдын январь–апрель айларында бир катар социалдык мааниге ээ долбоорлор ишке ашырылды. Бишкек шаарында заманбап CITY Market базарынын курулушу башталып, коомдук санитардык объектилер тармагын өнүктүрүү долбоорлору ишке ашырылууда.
Аймактарда "Береке Базары" рыногун масштабдуу реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюлушу, ошондой эле Орловка шаарындагы курулуш материалдарын чыгаруучу заводдун ишке кириши негизги окуялардын бири болду.
Стратегиялык транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Тактап айтканда, Бишкек шаарынын Батыш айланма жолун куруу боюнча меморандумга кол коюлуп, ошондой эле өлкөдөгү эң ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон "Макмал–Каракол" темир жолунун долбоорун иштеп чыгуу улантылууда.
Кыргызстандын эл аралык аренадагы позициясы бекемделүүдө. Эл аралык баалоонун жыйынтыгында Кыргызстан көрсөткүчтөрүн жакшыртып, 68-орундан 22-орунга көтөрүлдү.
Америкалык All American Rail Group компаниясы менен кызматташуунун, ошондой эле B5+1 форумуна, Istanbul PPP Week иш-чарасына жана БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын иш-чараларына катышуунун алкагында эл аралык инвесторлорду тартуу жана МЖӨ механизмдерин илгерилетүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.
Өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылуу артыкчылыктуу багыттардын бири бойдон калууда. Учурда жалпы кубаттуулугу 300 МВтка чейинки кайра жаралуучу энергия булактары жана гидроэнергетика тармагындагы долбоорлор, анын ичинде күн жана шамал электр станциялары, ошондой эле чакан ГЭСтер илгерилетилүүдө.
Муну менен катар Ош, Талас, Нарын жана Чүй облустарында окутуу тренингдерин өткөрүү аркылуу аймактардагы кадрдык потенциалды чыңдоо иштери улантылууда. Бул иш мамлекет менен бизнестин туруктуу өнөктөштүк системасын калыптандырууга жана Кыргызстандын узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт.