Инвестиция боюнча кеңештер үчүн чат-бот иштей баштады – Равшанбек Сабиров

Экономика Загрузка... 29 Декабрь 2025 15:34
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Инвестиция боюнча кеңештер үчүн чат-бот иштей баштады. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, агенттиктин расмий порталы жаңыртылып, ыкчам консультацияларды бере турган чат-бот 24 саат бою иштеп жатат.

“Технологиялардын тез өнүгүүсүнүн шартында экономиканын өнүгүүсү санариптик трансформациясыз мүмкүн эмес. Ошондуктан биз ачык-айкындуулукту жана инвесторлор менен байланыштын ылдамдыгын жогорулатуу үчүн инструменттерди киргизебиз. 2026-жылы электрондук өтүнмөлөрдү берүү, маалыматтардын борборлоштурулгандыгын сактоо жана инвестициялык долбоорлордун бирдиктүү санариптик реестрин түзүү үчүн арналган “Инвестициялар” автоматташтырылган маалымат тутуму ишке ашырылат”, - деди Сабиров.