Илимдер академиясында коррупциялык схема аныкталды

Укук тартиби Загрузка... 23 Июнь 2025 13:03
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 23.06.25. /Кабар/. Кыргыз улуттук илимдер академиясында имараттарды мыйзамсыз ижарага берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Илимдер академиясынын айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, баюу максатында ишкерлер менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, аларга мыйзамсыз бөлмөлөрдү берип, тиешелүү эсептик жоопкерчиликтерди айланып өтүп, ижара акысы үчүн өз алдынча акча алышкан.

Учурда бул мыйзам бузуулардын натыйжасында, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмдөрүн аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Андан тышкары, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Илимдер академиясынан өлкөнүн бардык аймагы боюнча 20га жакын объект жеке жана башка менчикке чыгарылгандыгы тууралуу маалыматтар алынды.

Маалымдама: «КР Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзамыдын 18-беренесине ылайык УИАнын мүлкү академиянын ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик менчик болуп саналат. Мамлекет Илимдер академиясына негизги жана жүгүртүлүүчү фонддорду, жерди жана башка мүлктөрдү мөөнөтсүз жана акысыз пайдаланууга берет. УИАга берилген мамлекеттик мүлк алынып коюлбайт жана башка тараптарга берилбейт.