Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде 2024-2025-жылдардагы бюджеттин аткарылышына аудит жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.
Анын жүрүшүндө бюджеттик каражаттарды алуу жана пайдалануу, мүлктү башкаруу, бухгалтердик эсеп, мамлекеттик сатып алуулар жана курулуш-оңдоо иштеринде бир катар кемчиликтер аныкталган.
Эсептөө палатасы аныкталган мыйзам бузууларды жоюу, финансылык тартипти күчөтүү жана ички көзөмөлдү жакшыртуу боюнча министрликке тиешелүү сунуштамаларды жана тапшырмаларды жөнөттү.