Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзам бузууларга жол берген жетекчилер тартиптик жазага тартылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жылдык коллегияда Ички иштер министри Улан Ниязбеков жетекчилерге калк менен иштешүү жана жарандардын арыз-даттанууларынын алдын алуу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.
«Жарандардын арыз-даттанууларын ыкчам кароо жана чечүү милициянын негизги милдети экенин унутпаңыздар. Арыздарды чечүүгө тоскоол болгон бардык жагдайларды аныктоо жана аларды четтетүү боюнча чараларды күчөтүү зарыл. Бир дагы жарандын кайрылуусу жоопсуз калбашы керек. Калк менен тыгыз иштешип, жардам сурап кайрылгандарга жардам берип, ак ниет менен мыйзам чегинде иш алып баруу зарыл», - деп баса белгиледи Улан Ниязбеков.
Ички иштер министрлигинин башчысы жетекчилерди жарандардын арыздарына жана билдирүүлөрүнө дыкат көңүл бурууга чакырып, милицияга кайрылган ар бир адам өз ара аракеттенүү боюнча оң таасир калтырышы керектигин белгиледи.
Белгилүү болгондой, коллегиянын жыйынтыгында коомдук тартипти камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө кетирген кемчиликтери үчүн 52 кызматкерге тартиптик жаза колдонулуп, 2 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулду. Республиканын аймактык бөлүмдөрүндө өткөрүлгөн жыйынтыктоочу жыйындын жыйынтыгы боюнча 85 кызматкерге тартиптик жазалар колдонулду.
«Коллегияда айтылган кемчиликтерди жоюп, коюлган тапшырмаларды аткарышыбыз керек. Коллегиянын чечимдерин жана биздин алдыбызда турган стратегиялык пландарды кынтыксыз ишке ашыруу да маанилүү. Кылмыштуулук менен күрөшүү, укук бузуулардын алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү, жол коопсуздугун камсыз кылуу, резонанстуу окуялардын алдын алуу жана бардык жүктөлгөн милдеттерди одоно мыйзам бузууларсыз жана кызматтык каталарсыз жогорку деңгээлде аткаруу негизги артыкчылык болуп саналат", - деп белгиледи министр.
Ал ошондой эле бардык аракеттер элдин коопсуздугун жана өлкөнүн стабилдүүлүгүн жогорку деңгээлде камсыз кылууга багытталышы керектигин кошумчалады.
«Биздин ар бир иш-аракетибиз кыргызстандыктардын коопсуздугуна жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө багытталышы керек», - деп жыйынтыктады Улан Ниязбеков.