ИИМдин Ички аскерлеринде Ата Мекенди коргоо күнү белгиленди

Коом 891 22 Февраль 2025 10:20
IMG_2416.png
IMG_2417.png
IMG_2418.png
IMG_2419.png
Алдыга
Артка
IMG_2416.png
IMG_2417.png
IMG_2418.png
IMG_2419.png
Алдыга
Артка
copyright icon Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.02.25. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Ички аскерлердин колбашчысы, аскер кызматкерлери жана ардагерлер катышты.

Маалым болгондой, Ички аскерлердин колбашчысы Дамир Алыбаев өздүк курамды куттуктап, бул майрам Ата Мекенди өз кызматы, ар-намысы жана эрдиги менен коргогондор үчүн экенин белгиледи.

Ошондой эле майрамдын жүрүшүндө өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлери сыйланышты.

Иш-чаранын соңунда ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери жана чыгармачылык жамааты тарабынан даярдалган майрамдык концерт тартууланды.