ИИМ: Бишкекте чет элдик жаран кармалып, граната жана октор алынды

Укук тартиби 28 февраль 2025 13:34
WhatsApp Image 2025-02-28 at 14.15.26.jpeg
481103018_1026265969522404_1011848958560748015_n.jpg
481294609_1026265936189074_7252739952186490403_n.jpg
481693235_1026265972855737_9216314317591794701_n.jpg
481311314_1026265959522405_2455431041762845613_n.jpg
481354306_1026265976189070_4335996788013867733_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Бишкекте чет элдик жаран кармалып, граната жана октор алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Бишкекте "А" аттуу жаранда граната жана ок-дарылар бар экендиги жана ал куралдар менен кылмыш жасоону көздөп жүргөндүгү маалым болгон. 

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү жана жашаган дареги аныкталып, ал чет элдик жаран экендиги такталган.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. 

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган жарандын жашаган жерин тинтүү учурунда, РГД-5 үлгүсүндөгү граната, Калашников автоматынын жана Макаров тапанчасынын октору, уюлдук компаниялардын сим карталары, банк карталары жана шек жараткан китептер табылган. 

Кылмышка шектүү катары чет өлкөлүк 1995-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Учурда кармалган жарандын башка кылмыштарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

ИИМ шектүүнүн аракеттеринен жапа чеккен болсо төмөнкү байланыш номерлери аркылуу Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына кайрылууну эскертет: 0 552 703 300.